Башкырт тили
Башкырт тили (башк. башҡорт теле, башҡортса) — Түрк тилдеринин кыпчак-булгар тобуна кирет. Башкыртстанда, Татарстанда, Орусиянын, Оренбург, Челябинск, Курган, Свердловск облусунда таралган. Негизинен эки диалектиден турат: чыгыш (кувакан) жана түштүк (юрматин).
Башкырт тили татар тилине жакын, фонетикалык, грамматикалык жактан айырмачылыктары бар. Араб (1929-ж. чейин), латын (1929-жылдан) алфавитиндеги жазманы колдонушкан. 1939-жылдан бери орус алфавитинин негизиндеги жазмага өтүшкөн.
Башкырт ариптери
А а | Б б | В в | Г г | Ғ ғ | Д д | Ҙ ҙ | Е е |
Ё ё | Ж ж | З з | И и | Й й | К к | Ҡ ҡ | Л л |
М м | Н н | Ң ң | О о | Ө ө | П п | Р р | С с |
Ҫ ҫ | Т т | У у | Ү ү | Ф ф | Х х | Һ һ | Ц ц |
Ч ч | Ш ш | Щ щ | Ъ ъ | Ы ы | Ь ь | Э э | Ә ә |
Ю ю | Я я |
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4