Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 4—8 киши.
Оюн анчада, спорттук бөлмөдө өткөрүлөт.
Оюнда баштыктар, жоолуктар колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар диаметри 5—7 м. келген тегерек сызышып, каптарына жумшак кийимдеринен салышып, экиден болушуп оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери менен тегерекке экиден чыгышып, көздөрүн таңышкандан кийин, белгиленген убакытта бир бирине баштык менен урууга аракеттенишет. Оюнчулар шериктери менен алмашышып, оюнду каалашкан убакытка чейин ойношот. Көп жолу шериктерин баштык менен так урган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү түзөтүү

Атта баратып баштык менен урушуу, эшекте баратып баштык менен урушуу, жөө жүрүп баштык менен урушуу, эшек жыгачта турушуп баштык менен урушуу, кап менен урушуу, пахта терген этек менен урушуу.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Таңылган көздөрдү убакыттан мурда чечүүгө, бир бирине айтууга, тегеректен чыгууга, кол менен муштоого, баштыктарга катуу буюмдарды салууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө түзөтүү

Оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, башка буюмдарсыз, оюнчулар жашы, жынысы бирдей болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч шамдагайлыкка тарбиялайт, байкоого, чыдамдуулукка үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү