Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада, бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Катышуучулар катарга тизилип туруп алышып, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Ар ким өз кезеги келгенде, маңдайларын жерге коюп, эки колу менен жерге таянып, көпкө чейин турууга аракеттенет. Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Башына бат тура калып, тең салмагын жоготпой сактап көпкө тура алган оюнчу, жеңүүчү болот.

Оюндун башка түрү:

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, жардам берүүгө, тең салмагын жоготкондон кийин кайрадан аракетин кезексиз улантууга болбойт.

Методикалык көрсөтмө түзөтүү

Оюнчулар аянтчадан бири бирине тоскоолдук кылбастан, кеңири жайгашышы керек. Оюн өткөрүлүүчү жер жумшак, таза, ыңгайлуулугу талапка ылайык.

Педагогикалык мааниси түзөтүү

Тең салмакты сактоого, чыдамкайлыкка үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү