Баш айлануу — айланадагы буюмдардын же өз денесинин ордунан жылгансып сезилиши жана тең салмактуулуктун бузулушу[1].

Горизонталдуу оптокинетикалык нистагм.

Оорулууга буюмдар айлангандай, дубал жана шып кулачудай көрүнөт, басканда тең салмактуулугун кармай албай темтеңдейт; кускусу келет, кубарып, тамыр жай кагат. Баш айлануу нерв системасынын дененин тең салмактуулугун жөнгө салып туруучу бөлүгүнүн (айрыкча ички кулакта жайгашкан вестибуль аппаратынын) иши бузулуудан болот.

Дени соо кишилердин да дене абалын кескин өзгөрткөндө, бийиктикте иштегенде, деңизде чайкалганда жана башка башы айланышы мүмкүн. Көбүнчө вестибуль аппараты өтө сезгич кишилерде болот. Алар бала чагынан селкинчек тебе албайт, машинада жүргөндө кыйналат. Баш айлануу гипертония ооруларында, мээнин кан тамырларынын атеросклерозунда, ортоңку кулактын ооруларында, баш травмага учурагандан кийин, ошондой эле ичкилик, никотин, ис газы жана башка менен уулануудан болот. Баш айлануунун себебин догдур аныктап, ага тийиштүү дарылоо жүргүзөт. Баш катуу айланганда жыгылып кетпөө үчүн төшөккө жатып, врач чакыруу зарыл.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

  1. Айлануу: себептери, диагностикасы, дарылоо