"Баш катырма" (англ. Inside Out, орус. Головоломка) — компьютердик 3D форматындагы анимациялык тасма. 2015-жылы Америкада тартылган. Продюсери Pixar Animation Studios компаниясы, Ал эми мультфильмди Walt Disney Pictures жайылткан. Режиссерлору Пит Доктер жана Ронни Дел Кармен. Сценарийин жазгандар Доктер, Мег Лефов жана Жош Кули. Доктер менен Дел Кармендин аңгемесинен ылайыкташтырылып жазылган. Анимациялык тасмада жаш кыз Райли Андерсондун (Кейтлин Диас) аң сезиминдеги окуя баяндалат. Райли ата-энеси менен Миннесотадан Сан Франциского көчүп келгенден кийин анын аң сезиминдеги беш эмоция — Кубаныч (Эми Полер), Капа (Филиз Смит), Заар (Лүис Блэк), Коркунуч (Билл Хейдер) жана Жийиркенич (Минди Кэйлиң) — жаш кыздын жашоосуна багыт берип, жаңы чөйрөгө аралашуусуна таасир этет.

Доктер өзүнүн кызы бой жеткен сайын личносту өзгөрө баштаганын байкап калып "Баш катырманын" үстүнөн 2009-жылы иштей баштаган. Мультфильмдин продюсерлери бир нече психологдор менен кеңешишкен. Алардын ичинен Калифорния университетинен Дахер Келтнер [6] менен да жолугушушкан. Келтнер окуяны текшерип чыгууга жардам берип, кишинин эмоциясы адамдар менен болгон мамилелерге таасир этээри жана алар аркылуу башкарылаары боюнча невропсихологиялык ачылыштарды баса белгилеп кеткен.[7]

2015-жылдын май айында 68-Канн кинофестивалында премьерасы болуп өткөндөн кийин "Баш катырма" Түндүк Америкада 2015-жылдын 19-июнунан тарта кыска метраждуу "Лава" тасмасынын коштоосунда кинотеатрларда көрсөтүлө баштаган. Киносынчылар мультфильмдн концепциясына, сценарийине, темасына, Майкл Жаккинонун композициясына, Полер, Смит жана Ричард Киңдин аткаруусундагы вокалдык чыгармаларга оң бааларын беришкен. Анимациялык тасма алгачкы эле аптада 90.4 млн доллар чогултуп, ошол учурдагы эң жогорку ачылыш болуп калган.[8] Дүйнөлүк кассалык жыйымдары 857 млн доллардан ашык сумманы түзгөн.[5] Мультфильм бир нече сыйлыкка, анын ичинде БАФТА сыйлыгынын, Алтын глобустун, Сынчылардын тандоосунун, Эннинин, Спутниктин жана Оскардын "Эң мыкты анимациялык тасма" наамына татыган. Дүйнөнүн 177 киносынчысынын арасында жүргүзүлгө сурамжылоонун натыйжасында "Баш катырмага" 21-кылымдын мыкты тасмаларынын ичинен 41-орун берилген.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү