Баязид Найзагай - (1360-8. 3. 1403) Осмон династиясынан чыккан түрк султаны (1389-1402). Атасы Мурат 1нин саясатын улантып, Батыш Анадолудагы Ментеше, Айдын, Сарухан жана Ирмиян бийликтерин бириктирген (1389-90). Египеттегпи ички келишпестиктерди чебер пайдалануу менен, Сивас султандыгынын жерлерпн, Жанык жана Амасье бийликтерин, мамлюктардын кол астындагы Малатья, Эльбистан, Дивриг шаарларын өз ээлигине кошкон. 1389-ж. Косово талаасында сербдердин аскерлерин талкалап, Сербияны караткан. Баязид I жетектеген түрк аскерлери 1393-96-ж. Болгарияны, Македонияны жана Фессалияны басып алып, кийин Балкан жаңы аймагына түрк үстөмдүгүн орноткон. 1394-1401-ж. Баязид I Константинополду камоого алган. 1396-ж. сентябрда Никополдун (Болгария) алдында кресттүүлөрдүн аскерлерпн талкалап, бул жеңиши үчүн ага «султан эль-Рум» (Византия жерлеринин султаны) наамы ыйгарылган. 1402-ж. Кичи Азияга басып кирген Тимурдун аскерлери менен болгон Анкаранын алдындагы салгылашууда (к. Анкара салгылашы) жеңилип, туткунда курман болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4