Баязы чепкен - сырт кийимдин бир түрү. Төөнүн ийрилген жүнүнөн өрмөккө согулуп, жеңи узун жана тулкусу кенен бычылып, жалаңкат ичтелип тигилет. Ал көбүнчө жылдын салкын мезгилдеринде кийилет. Баязы чепкен жылуу, бышык жана жеңил болгондуктан, сый кийим катары бааланып, белекке да берилет. Аны «төө чепкен» деп да аташат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4