Баялиев Топчубек (1929-ж.т. , Аксы району , Кашка суу айылы - 2018-ж.к.б., Бишкек шаары) - тарых илиминин доктору.
Кыргыз Республикасынын билим берууго эмгек сиңирген кызматкери (1994).
КМУнун филология факультетинин (1951), Ташкендеги Орто Азия университетине караштуу коомдук адистерди даярдоо курсун (1953) бүткөн.
1953-55 –ж. Каракол пед.институтунун филология факультетинде тарых адистиги боюнча улук окутуучу, декан,1956-61-ж. Кыргызстан мамлекеттик басмасында корком адабият болумунун редактору, 1965 ж. КМУнун КПСС тарыхы кафедрасында улук окутуучу, доцент, проф., кафедра башчысы.
С. Айнинин “Томаяк”, Ш. Рашидовдун “ Бороондон күчтүү” , “Женуучулор” романдарын которгон. Жалпы көлөмү 100дон ашык басма табак (а.и. 2 монография, 1 монография авторлош) ил. эмгектердин автору. Эмгектери кыргыз адабиятынын совет бийлиги орногондон кийинки онугуусундогу өзгөчөлүктөрүн изилдөөгө арналган. Элге билим берүү отличниги (1979). Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тарыхы энциклопедия. Бишкек - 2003ж.