Касымалы Баялинов
Касымалы Баялы уулу[1] (1902-1979) - жазуучу, котормочу.
Касымалы Баялы уулу[1] | |
Туулган датасы: | |
---|---|
Туулган жери: |
Көк-Мойнок айылы, Ысык-Көл облусу |
Өлгөн датасы: |
3 -октябрь 1979 (77 жаш) |
Өлгөн жери: |
Кыскача өмүр таржымалы
түзөтүүКасымалы 1902-жылы 25-сентябрда Ысык-Көл районуна караштуу Көк-Мойнок айылында туулган[2]. Жаш кезинен ата-энесинен ажырап туугандарынын колунда чоңойгон.
1916-жылкы Үркүн учурунда качкындар менен бирге Кытайга көчкөн. Октябыр төңкөрүшүнөн кийин, 1918-жылы, Токмокко келип, ар кандай иштерде, анын ичинде дарыканада дары-дармек ташуучу, ат багуучу жана армиялык казармада ашпозчунун жардамчысы катары иштеген.
1919-жылы Касымалы Ленин комсомолуна мүчө болуп өтүп, Ташкенде алты айлык советтик-партиялык курстан өткөн[3]. 1920-жылы ал педагогикалык курска жөнөтүлүп, 1921–1925-жылдары Алматыдагы казак педагогикалык техникумунда, 1929–1933-жылдары Москвадагы Бүткүл союздук журналистика институтунда билим алган. 1920-жылы Нарын кантонунун Комсомол комитетинде иштеген. 1925-жылы Москвадагы Борбордук басмакананын Кыргыз бөлүмүнө редакторлукка жөнөтүлгөн.
1926-1928 жана 1935-1937 Кыргызмамбастын башкы редактору, 1933-1935 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук гезитинин редактору, 1940-жылдан «Советтик Кыргызстан» гезитинин башкы редактору, 1941-жылдан «Ысык-Көл правдасы» облустук гезиттин редактору, 1944-1947 жана 1949-1955 Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын төрагасы, 1947-1949 СССР илимдер академиясынын кыргыз филиалынын тил жана адабият институтунун илимий кызматкери болуп иштеген.
Чыгармачылыгы
түзөтүүАнын чыгармачылыгы 1922-жылы башталып, алгачкы ырлары казак жана татар тилдеринде жарык көргөн. 1926-жылы «Ажар» аттуу повести жарыяланган. Касымалы публицистикалык макалалардын жана очерктердин жазуучу катары да белгилүү. Жазуучунун чыгармалары окуу китептерине кирген жана ЖОЖдордун гуманитардык факультеттеринде, илимий мекемелерде изилденүүдө.
Касымалыдын сюжети боюнча «Ысык-Көлдүн боюнда» операсы, ар түрдүү жанрдагы бир нече музыкалык чыгармалар түзүлгөн. Анын чыгармалары орус, азербайжан, өзбек, казак, татар, молдован, француз, англис, немис, чех тилдеринде жарык көргөн.
Ал кыргыз окурмандарын Александр Пушкиндин, Михаил Лермонтовдун, А.М.Горькийдин ж.б. чыгармалары менен тааныштырган биринчи профессионал котормочулардын бири болгон.
1939-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, ал эми 1968-жылдан Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу наамын алган. Ал эки жолу «Эмгек кызыл туу», «Октябрь революциясы» жана «Ардак белгиси» ордендери менен, ошондой эле бир катар медалдар менен сыйланган.
Эл депутаттарынын Фрунзе шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Жарык көргөн китептери
түзөтүү- Түлкү менен суур. Чабалекей менен жылан: Балдар аңгемелери. (1927)
- Ажар: Аңгеме. (1928)
- Мурат: Аңгеме. (1929)
- Бактылуу жылкычы. (1937)
- Аңгемелер жыйнагы. (1946)
- Бакыт: Повесть. (1947)
- Көл боюнда: Повесть. (1952)
- Повесттер жана аңгемелер. (1952)
- Токтогул Сатылганов: Акындын чыгармачылыгы жана баяны. (1954)
- Курман жылга: Повесть. (1960)
- Боордоштор: Роман. (1962)
- Чыгармаларынын эки томдук жыйнагы. (1969)
- Аңгемелер жана очерк. (1974)
- Кыйын өткөөл: Повесттер, аңгемелер. (1980)
Котормолору
түзөтүү- Горький М. Макар Чудра: Аңгеме. Ф.: Кыргызмамбас, 1929. 27 б.
- Горький М. Макар Чудра: Аңгеме. Ф.: Кыргызмамбас, 1935. 19 б.
- Дорохов П. Большевиктин уулу. Ф.: Кыргызмамбас, 1935. 24 б.
- Пушкин А.С. Кавказ туткуну. Ф.: Кыргызмамбас, 1937. 31 б.
- Пушкин А.С. Руслан менен Людмила. Ф.: Кыргызмамбас, 1937.
- Пушкин А.С. Евгений Онегин: Ыр менен жазылган роман. Ф.: Кыргызмамбас, 1941. 232 б.
- Пушкин А.С. Кавказ туткуну. Ф.: Кыргызмамбас, 1948. 48 б.
- Баширов Г. Намыс. Ф.: Кыргызмамбас, 1955. 511 б.
- Рашидов Ш. Бороондон күчтүү: Роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. –312 б.
- Нарджми Кави. Весенние ветры. Ф.: Кыргызмамбас, 1960. -494 б.
Булактар
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 https://gdb.rferl.org/74ed1597-57dd-48ed-bd99-940f4241287c_w650_r0_s.jpg
- ↑ Орозобаева, Н.Ж.. Касымалы Баялинов: 120 лет со дня рождения, биография и интересные факты (ru), Вечерний Бишкек (9.22.2022).
- ↑ Касымалы Баялинов — өмүр баяны, Sputnik Кыргызстан (25.09.2015).