Баяндамачы - коомдо болуп жаткан ар кыл саясий, экономикалык, социалдык, маданий ж. б. процесстерди, окуялар менен көрүнүштөрдү мезгилдүү маалымат каражаттарында чечмелеп, талдап, түшүндүрүп туруучу журналист, чыгармачыл кызматкер. Бул багытта иштеген адамдын өзүнүн тандап алган темасы болот. Баяндамада журналисттин билими, тажрыйбасы, жекече жөндөмдүүлүгү, устаттыгы, ээлеген орду жана көз карашы айкын көрүнөт. Ошондуктан журналист-баяндамачы аудиториянын кызыгуусун пайда кылып, ага коомдук турмушта жүрүп жаткан окуялар, көрүнүштөр, өзгөчөлүктөр жөнүндө ынанымдуу айтып берүүсү, алдыңкы, жаңы көз караштарды жактап, инсандардын «өздүк стратегиясынын» өркүндөшүнө көмөк көрсөтүүсү, окуялардын маңызын ачып, турмушта орун алган карама-каршылыктарды талдоосу; коомдогу маанилүү маселелердин практикалык жагынан чечилишине көмөк көрсөтүүсү негизги талап. Ар бир баяндамачы тийиштүү коомдук уюмдар, социалдык топтор, саясий партиялар ж. б. үчүн кызмат кылат, демек, анын өздүк орду аудиторияга түшүнүктүү болууга тийиш.

Баяндамачы (2006).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4