Баңбаң — эпос боюнча кытай аскер кызматчысынын наамы. «Манаста» эпикалык душман элинин согуштук-административдик башкаруу системасынын бир катар мансаптык титулдары боюнча жалпылаштырылып түзүлгөн образдардын системасында Баңбаңдын да элеси чагылдырылган. «Чоң казатта» Манастан жарадар болуп дарыланып айыккан Коңурбай кыргыздардын колунун чабуулуна каршы чара колдонуу жөнүндө өзүнүн чөйрөсүндөгү адамдар менен кеңеш кылат: «Баңбаң менен чыйтайым, Бадышалык тыйтайым».

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4