Бегабат, Бешбанги - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Сузак кыштагынан 16 км түштүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темиржол бекетинен 12 км. Деңиз деңгээлинен 720 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 7850 (2002); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Эки орто мектеп, балабакча, оорукана, бейтапкана, дарыкана, маданият үйү, китепкана, соода комплекси, турмуш-тирпчилик комбинатынын бөлүмдөрү жана комплекстүү кабыл алуу пункту бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4