Бегалиев Сапар (1934, Ысык-Көл району, Орто-Өрүктү айылы) — адабиятчы, «Манас» изилдөөчү. Филология илимдеринин кандидаты (1968), доцент (1977). Ленинграддагы Герцен атындагы педагогика институтун бүтүргөн (1958). 1959—61-ж. Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунда аспирант. 1961-жылдан «Манас» секторунда кенже, улук илимий кызматкер. ''Манас'' эпосунун поэтикасы» деген темада кандидаттык диссертациясын (1967) коргогон. 1970-жылдан Кыргыз мамлекеттик университетинин улук окутуучусу, доцент. 1983—89-жылдары СССР элдеринин адабияты кафедрасынын башчысы. Б-дин илим майданындагы эмгек жолу негизинен ''Манас'' эпосун изилдөөгө арналган. Ал ''Манас'' эпосунун поэтикасы» (1969), ««Манастагы» көркөм каражаттар» (1988) аттуу монографияларды, «Кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгы» (1979) окуу методикалык куралын жазган. Филология факультетинде ''Манас'' эпосу боюнча атайын курсту окутат. Кыргыз ССР эл агартуу отличниги (1984).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4