Бегелдинов Талгат Якубекович 1922-ж Кыргыз ССРиндеги Фрунзе шаарында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган.
Улуту казак.КПССтин мучосу.
Фрунзе шаарында орто мекпепти жана аэроклубду бутургондон кийин Чкаловскийдеги аскердик авиациялык окуу жайына өткөн.
Гвардиянын улуу лейтенанты.
Учкуч-штурмовик.Эскадрильянын командири.Улуу Ата-Мекендик согушка 1942-жылдын күзүнон согуш аяктаганга чейин катыщкан.
Согуш мезгилинде Талгат Бегелдинов 300дон ашык учуш жасаган.

Наамдары түзөтүү

Айрыкча эрдик жана каармандык көрсөткөндүгү үчүн 1944-ж 26-октябрда Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болгон.
Экинчи "Алтын Жылдыз" медалы менен 1945-ж 27-июнда сыйланган.
Жоокердик эрдиктери учүн Кызыл-Туу,3-даражадагы Даңк,1 жана 2-даражадагы Ата-Мекендкк согуштун,Александр Невский ордендери менен сыйланган.
Согуштан кийин Кызыл-Туу ордендуу Аскер-аба академиясын бутургон.
1956-ж запаска чыккан.
Алма-Ата шаарында Казак ССРинин Автомото сүйүүчүлөр ыктыярдуу коомунун преседатели болуп иштеген.
Советтер Союзунун эки жолку Баатыры полковник Талгат Бегелдиновго Ярунзе шаарына колодон бюст орнотулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

А.Иманкулов "Алардын эрдиги тубөлүккө жашайт"-Ф,1986