Бедияров Арзыбек - (11.10.1952-ж. туулган, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Кызылсеңир айылы) обончу, КРдин эл артисти (2006). Жалал-Абад медицина окуу жайын (1975), Бедияров Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун (1982) бүткөн. 1970-72-ж. Сузак райондук «Пахтачы гезитинде корректор, кабарчы, 1975-77-ж. Сузак районундагы мектеп-интернатта фельдшер, музыка мугалими, 1983-90-ж. ошол эле жерде директордун орунбасары, 1990-ж. профсоюздардын облустук кеңешинде маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы, 1992-жылдан Жалал-Абад медициналык окуу жайында мугалим. Бедияров облустук телерадиокомпаниянын «Гүлгүн жаш» фольклордук тобунун уюшгуруучусу жана жетекчиси. Анын кыргыз акындарынын сөзүнө жазылган «Барам сага», «Кутмандуу жерим», «Кайра келчи», «Сезимде калды элесиң» ж. б. ырлары эл арасына кеңири тараган. «Барам сага» обондуу ыр жыйнагы жарык көргөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4