Безоар эчкиси, сакалчан эчки (лат. Capra aegagrus) — көңдөй мүйүздүүлөр тукумундагы сүт эмүүчү. Дене узундугу 120-160 см, бийиктиги 70-100 см, салм. 40 кг га жетет. Эркегинин мүйүзү кылыч сымал, узун, капталынан жалпак; ургаачысыныкы кыскараак. Жонунун жана капталынын жүнү жайында саргыч-күрөң, кышында бозкүрөң, жонунда узунунан кеткен кочкул тагы бар. Жаагы, буту, сакалы (калың жана узун) жана куйругу кара. Безоар эчкисинин карынында же ичегисинде чанда катуу органикалык таш сымал нерсе (безоар) болот (аты ошондон).

Безоар эчкиси.

Эгей деңизинин аралдарында, Кичи Азиядан Афганстанга, Түндүк-Батыш Индияга чейин, Россияда Дагестанда 4200 м бийиктикке чейин кезигет. Чөп, бадал жалбырагы жана өркүндөрү менен азыктанат. Жетиден топтошуп, бир жерде туруктуу жашашат, кышкысын тоо этектерине ылдыйлап түшүшөт. Чанда, күзүндө чоң үйүргө (40 башка чейин) чогулушат. Ноябрь-декабрда кууттан чыгып, жазында 1-2 улак тууйт. Бакма эчкинин теги болушу мүмкүн. Аңчылыктан улам саны азайып кеткен. Бул түр ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4