Безостая- 1 буудай сорту. Краснодардагы айыл чарба илимий-изилдөө институтунда Безостая-4 гибридинен жекече тандоо менен чыгарылган. Машагы кылкансыз, даны кызыл, сүйрү, 1000 данынын салмагы 36,3 44,5 г. Бийиктиги 90-100 см, жапырылбайт, күбүлбөйт, суукка, ысыкка чыдамдуу. Илдетке көп чалдыкпайт. Вегетация мезгили 230-327 күн.1959-ж. райондоштурулуп, кеңири таралган. РФтин көп облусунда, Казакстанда жана Орто Азия республикаларында өстүрүлөт. Ар гектарынан 5060 ц ден, кээде андан да көп түшүм алынат. 1973-ж. Каракол мамлекеттик сорт сыноо чарбасы 95 ц түшүм алган. Буудайдын дүң түшүмүнүн 4153%ин дан түзөт. Бул буудайдын наны даамдуу жана жагымдуу. Безостая-1 Кыргызстанда кеңири эгилет. Ал жаңы сорт чыгарууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4