"Бейиштин чыгыш тарабы" (англ. East of Eden) - 1952-жылынын сентябрында жарыкка чыккан, Нобель сыйлыгына ээ болгон Жон Стейнбектин романы. Жазуучунун эң дымактуу деп аталган романы, эки үй-бүлөнүн (Трасктар жана Гамильтондор) жашоо өзгөчөлүктөрүн жана алардын тагдырларынын айкалышуусун сүрөттөйт. Стейнбек бул чыгармасын Том менен Жон (ал учурда 6 жана 4 жашта болгон) эки уулуна арнаган. Жазуучу уулдарына Салинас өрөөндүн кооз жерлерин, үнүн, жытын жана өңүн майда-чүйдөлөрүнө чейин сүрөттөгүсү келди.

Бейиштин чыгыш тарабы.

Романдагы Гамильтондордун үй-бүлөсү, Стейнбектин таятасы, Самүэль Гамильтондун чыныгы жашоодогу үй-бүлөсүнүн окуясында негизделгени айтылат. Романда жаш Жон Стейнбек экинчи пландагы каарман катары кездешет.

Стейнбектин үчүнчү аялы, жазуучунун бул романды өзүнүн эң мыкты чыгармасы деп эсептегенин айтты. Стейнбек "Бейиштин чыгыш тарабы" чыгармасы жөнүндө өзү мындай пикирде: "Роман менин бир топ кесиптик тажрыйбамды камтыйт". Кошумчалап, "Буга чейин жазган чыгармаларым жөн гана тажрыйба топтош үчүн жазылган" деп далилдейт.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү