Касымбеков Бейшебай (1933-ж. т., Ысык-Көл району, Бостери айылы) — ветврач, ветеринария илимдеринин доктору (1990), профессор (1993). Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1991).
1955-ж. К. И. Скрябин атындагы Кыргызстан айыл чарба институтун бүтүргөн.
1955-ж. Жалал-Абад зоовет-мектебинде окуу бөлүмүнун башчысы.
1956—60-ж. Дөң-Талаа ветеринариялык участкасынын башчысы.
1960—68-ж. Тоң районунун башкы ветврачы.
1968—70-ж. Кыргызстан мал чарба жана ветеринария илимий изилдөө институтунда улук илимий кызматкер, 1972—76-ж. сектор башчысы, 1970—72-ж. Тянь-Шань мал чарба тажрыйба станциясынын директорунун илимий иштер боюнча орун басары, 1976—80-ж. директору.
1980—82-ж. Кыргызстан мал чарба жана ветеринария илимий изилдөө институтунда улук илимий кызматкер; 1982—85-ж. лаборатория башчысы, 1985-жылдан Кыргызстан ветеринария илимий изилдөө институтунда лаборатория башчысы. Анын илимий эмгектери айыл чарба малдарынын гельминтоз ылаңдарын иликтөө, аларды дарылоо, алдын алуу, дарылоо-профилактикалык проблемаларына арналган, 64 илимий эмгектин (анын ичинде 4 монография, 6 сунуш, 1 инструкция) автору.
1993-жылдан ветеринария жана биология илимдери боюнча атайын советтин төрагасы. Эл аралык информация академиясынын (Москва) мүчөсү (1992).
1994-жылдан Кыргыз Республикасынын ветеринария ассоциациясынын вице президенти. Медалдар менен сыйланган.

Касымбеков Бейшебай

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.