Бейшенов Асаналы (1941-ж. т., Аламедин району) – живописчи. Кыргыз Респe,kbrfcsкасынын эл сүрөтчүсү. Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын (1961), Москвадагы В. И. Суриков атындагы көркөм сүрөт институтун (1969) бүтүргөн. Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун Ош облусу бөлүмүн негиздөөчүлөрдүн бири. 1966-жылдан республикакалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. 1971-жылдан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Бейшеновдун эмгектеринин тематикасы революциялык каармандык (“Продотряд”), согуштун антигумандуулугу (“Согуш жылдары. Машак терүү”), кыргыз искусствосундагы адам жана жаратылыш байланышы (Булактын жанында”, “Пахта көтөрүп бара жаткандар”) болуп саналат. Ошондой эле портрет жанрында да эмгектенет. Бейшеновдун натураны байкоосу картиналарында курч жана кооз живопистүү чечилген. Анын негизги живопись чыгармалары Г. Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде жана КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринде сакталуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү