Бекбоева Алый (12. 6. 1886, Нарын облусу, Нарын району, Ак-Талаа айылы — 1977, ошол эле жер) — уз, сүрөтчү, кыргыз саймачысы. Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген кызматкери (1959).
Анын саймачылыкка, оймочулукка болгон кызыгуусу бала кезинен эле башталып, өмүрүнүн 56 жылын кыргыздын элдик көркөм колөнөрчүлүгүнүн өнүгүшүнө жумшаган.
1930-жылдардан колхоздо, Нарын шаарындагы тигүү фабрикасында иштеген. Ал саймачылыкка, оймочулукка таандык буюм-тайымдарды арбын кармап, жалан жасалга-колдонмо өнөрүнүн өсүшү үчүн талбай узданган. Анын өнөрканасында басма, илме сайманын, "алый" көчөтунүн жана башка баа жеткис үлгүлөрү бар.
1957-ж. жаштардын жана студенттердин Бүткүл дүйнөлүк 6-фестивалына көркөмдүгү боюнча өзүнчө айырмаланган бир нече сайма туш кийиздерин жана шырдак буюмдарын жасап өткөргөн. 1958-ж. кыргыз адабияты жана искусствосунун Москвадагы он күндүгүнө катышкан.
Бекбоева улуттук оймо-чийме жана кеште салуунун мыкты чебери. Саймаларында кыргыз жергесинин бай жаратылыш бөтөнчөлүгү, чеберчилигинин, ой жүгүртүүсүнүн молдугу ачылат. Бекбоеванын колунан жасалган асем буюмдар Санкт-Петербургдагы этнография музейине, Москвадагы Чыгыш элдеринин көркөм өнөр музейине жана Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейине коюлган. КРдин эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин «Саймачы Алый Бекбоева» деген эмгеги Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинен орун алган. Бекбоева Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.
Бекбоеванын жасаган буюмдары Кыргыз мамлекеттик сүрөт музейинде, Ленинграддагы мамлекеттик этнография музейине, чыгыш элдеринин мамлекеттик көркөм өнөр музейине (Москва) коюлган.
Бекбоева кыргыз аялдарынан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон алгачкы эл чебери. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4