Бекболотов Бактыбек Асанкалиевич

Бекболотов Бактыбек Асанкалиевич (15 октябрь 1964-жыл; Түп, Ысык-Көл облусу, Кыргыз ССР, СССР) — 2021-жылдын 6-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Коргоо министри, Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн генерал-лейтенанты[1][2].

Бекболотов Бактыбек
Бекболотов Бактыбек
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги
желек
желек
 6-сентябрь 2021-жыл
Президент: Садыр Жапаров
Андан мурунку: Өмүралиев Таалайбек
 
Жарандыгы:  Кыргызстан
Дини: ислам
Билими: Петербург жогорку артиллериялык командалык окуу жайы
Кесиби: аскер кызматчы

Өмүр баяны

түзөтүү

1964-жылдын 15-октябрында Кыргыз ССРинин Ысык-Көл областында туулган.

1983—1985-жылдарго чейин Совет Армиясынын катарында (Ортоазиялык аскер округу) анык аскерде кызмат кылат.

1985-жылы анык аскердик кызматын аяктаган соӊ, Ленинграддагы артиллериялык командалык жогорку окуу жайга тапшырып, 1989-жылы ийгиликтүү аяктаган. Алган аскердик билимине жараша, аскердик кызматын негизги офицердик командалык кызматтарда өткөн.

1989—1992-жылдары — Артиллериялык взводдун, батареянын командири.

1992-жылдын ноябрынан баштап Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызматын улантат.

1992—1999-жылдары — Артиллериялык батареянын командири, штаб башчысы, дивизион командири, артиллериянын башчысы, артиллериялык полктун командири, гарнизондун аскер команданты.

1999—2001-жылдары — Аскер артиллериялык университетинин угуучусу.

2001—2007-жылдары — артиллериялык кошуундун башчысы, өзүнчө аскер бөлүктүн командири.

2007—2009-жылдары — оперативдик бөлүмдүн башчысы, КР Улуттук гвардиянын кол башчысынын биринчи орун басары – штаб башчысы.

2012—2014-жылдары — Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунун башчысы.

2014—2015-жылдары — Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын академиясынын угуучусу.

2015—2017-жылдары — Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор И.В. Панфилов атындагы 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын командири.

2017-жылы — Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин штаб башчысы – кол башчынын биринчи орун басары.

2021-жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен |Кыргыз Республикасынын Коргоо министри болуп дайындалды[3].

Булактар

түзөтүү
  1. Бекболотов Бактыбек Асанкалиевич — биография(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Sputnik (13 -октябрь (тогуздун айы) 2021). Текшерилген күнү 7 -ноябрь (жетинин айы) 2021.
  2. В Кыргызстане сменился министр обороны(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Радио Азаттык (6 -сентябрь (аяк оона) 2021). Текшерилген күнү 7 -ноябрь (жетинин айы) 2021.
  3. Бекболотов Бактыбек Асанкалиевич. Текшерилген күнү 30 -декабрь (бештин айы) 2024. Түп булактан архивделген күнү 30 -октябрь (тогуздун айы) 2021.