Бекет - (фр. рiquet, орусча пикет) 1) чакан күзөт отряды; 2) темир жолдун узундук чени; 3) геод. рейкаларды орнотуу жана трассаны камсыз кылуу үчүн белгилүү орунга кагылган казыктар менен белгиленген белгилүү орундагы геодезиялык чекиттер; 4) ар бир 20-25 км аралыкта жайгашкан почта станциясы. Түндүк Кыргызстандын айрым аймагында (мисалы., Нарын обл.) мал үчүн жылууланып салынган курулуш да (мисалы., уй бекет, ат Бекет.) деп аталат. Илгери темир жол жана машина жокто жүргүнчүлөр Бекетке токтошчу, аттарды алмашгырышчу, почта кызматкерлери же чиновниктер эс алып, ат чалдырып же ат которуп өтүшчү. Бекеттер ортосунда эки же үч ат чеккен почта арабалары жүрүп турчу. 19-к-дын ортосунан баштап, Кыргызстандын түндүк райондорунда каражол жээгинде бекеттер салынган. Почта жүктөрү көбүнчө кош ат чегилген арабада, чанада ташылчу. Кабарды тез жеткирүү, өкмөт чиновниктерин ташуу үчүн токулуу аттар даяр турчу. Мындай бекеттерди тейлөөчүлөрдү бекетчи деп аташкан. Азыркы кезде бекет станция деген мааниде колдонулган учурлар да бар, мисалы., автобекет, темиржол бекети ж. б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4