Бекмырзаев Колдош (Колдош мырза)

Бекмырзаев Колдош (Колдош мырза) - акын, жазуучу. Кара-Суу районунун Нурдар айылында 1941-жылы 11-августта туулган.

Ош шаарындагы Нариманов мектебинен орто билим алып, Анжияндагы педагогикалык институтунда окуган. Кийин Ош облусунун орто мектептеринде мугалим, «Уш садоси» гезитинде кабарчы, 1992-жылдан Ош мамлекеттик университетинде улук окутуучу болуп эмгектенип келген.

1960-жылдан баштап чыгармачылык менен алектенип, ырлары, аңгемелери ар түрдүү альманахтарга жарыяланган.

Ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимнин, кыргыз акын-жазуучулары: Б.Алыкуловдун, К.Ташбаевдин, А.Дегенбаеванын ырларын, Ч.Айтматовдун, К.Жусуповдун, А.Камаловдун, Т.Сулаймановдун прозаларын өзбек тилине которгон.

К.Бекмырзаев 1991-жылы Алишер Навоинин мааракесине карата «Уш садоси» гезитинин журналисттер арасында уюштурган сынагында жеңүүчү болгон. 1998-жылы Ош облустук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.

1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери түзөтүү

Өзбек тилинде

Тилле ушактары: Аңгемелер. – Ташкент: Жаш Гвардия, 1980 – 36 б.

Вафа иши. – Ташкент: Гафур Гульям, 1983. – 64 б.

Сихирлу добуш. – Ташкент: Гафур Гульям, 1983. – 68 б.

Кыштап калган карлыгач: Балдар үчүн. – Ташкент: Жаш Гвардия, 1984. – 38 б.

Гавхар: Аңгемелер. – Ташкент: Жаш Гвардия, 1986 – 36 б.

Дийдар ганимат: Ырлар. – Ташкент: Жаш Гвардия, 1990. – 32 б.

Жаан сеники: Аңгемелер. – Ташкент: Чолпон, 1990 – 64 б.

Бабур мырзанын тайлагы: Тарыхый повесть. – Ташкент: Гафур Гульям, 1990. – 82 б.

Кар жааган түн: Балдар үчүн повесть. – Ош: Жазуучу, 1992. – 34 б.

Каналларда чирактар жанар: Ырлар, поэма. – Ош: Жазуучу, 2000. – 46 б.

Сатылган көз: Аңгемелер. – Ош: Жазуучу, 2000 – 96 б.

Оштун адабий чөйрөсү. – Ош: Жазуучу, 2001. – 138 б.

Айдың түндөгү көлөкөлөр: Повесть. – Ош: Жазуучу, 2009. – 48 б.

Мубтала болдум сага: Тарыхый повесттер. – Ош: Жазуучу, 2009. – 204 б.


Котормолору түзөтүү

Ч. Айтматов. Атадан калган туяк. - Ош: Жазуучу, 1988. – 38 б. – өзб.

Т. Режебалиев. Махабатым бейишим: Ырлар. - Ош: Жазуучу, 2006. – 52 б. – өзб.

А. Камалов. Таңдайга атылган ок. - Ош: Жазуучу, 2008. – 76 б. – өзб.


Колдонулган адабияттар түзөтүү