Бекниязов Жайлообек (1940–2002) - акын.

Кыскача өмүр таржымалы түзөтүү

Акын Жайлообек Бекниязов 1940-жылы 3-сентябрда Москва районундагы Кызыл-Дыйкан айылында туулган.
1964-жылы Пржевальскидеги пединституттун тил жана адабият факультетин ийгиликтүү бүтүргөн. Ошол эле жылдын күзүндө Советтик Армиянын катарына чакырылган.
1965-1966-окуу жылында Буденый орто мектебинде мугалим,
1967-1971-жж. «Кыргызстан», «Мектеп» басмаларында корректор, кенже редактор,
1971-жылдан «Ленинчил жаш» гезитинин адабият жана искусство бөлүмүндө улук кабарчы,
1976-жылдан «Байчечекей» журналынын улук редактору,
1987-жылдан Басмалар боюнча өкмөттүк комитетте жетектөөчү редактор болуп иштеген.
Ж.Бекниязовдун биринчи ырлары 1963-жылы «Ала-Тоо» журналына жарыяланган.

Чыгармачылыгы түзөтүү

Кезек: Ырлар. Ф.: Мектеп, 1970. 60 б.

Кышкы токой: Ырлар. Ф.: Мектеп, 1973. 55 б.

Мен кимди жакшы көрөм: Аңгемелер. Ф.: Мектеп, 1975. 14 б.

Айылдык кыз: Ырлар. Ф.: Кыргызстан, 1977. 63 б.

Ала топ: Аңгемелер. Ф.: Мектеп, 1978. 14 б.

Жар боорундагы уялар: Ырлар, легендалар. Ф.: Мектеп, 1979. 44 б.

Жанузак мерген: Жомоктор. Ф.: Мектеп, 1982. 15 б.

Ырлар, табышмактар, жаңылмачтар. укг Мектеп, 2001-жылы

Майман мамалак: Сценка. Ф.: Мектеп, 1986. 16 б.

Баатыр жөжө: Ырлар, табышмактар, жаңылмачтар жана жомок. Ф.: Мектеп, 1987. 72 б.

Дарактын үмүтү: Ырлар, поэма. -Ф.: Адабият, 1989. -120 б.

Орус тилинде түзөтүү

Охотник Жанузак: Сказки. Ф.: Мектеп, 1982. 20 с.

Зимний лес: Стихи. Ф.: Кыргызстан, 1985. 76 с.

Башка элдердин тилдеринде түзөтүү

Полосатый мяч: Рассказы. - Киев: Вэсэлка, 1982. - 20 с

Котормолору түзөтүү

Барто А. Ырлар. Ф.: Мектеп, 1982. 56 б. ‏‎