Бектемирова Айнагүл Кашкарбаевна

Айнагүл Кашкарбаевна Бектемирова (Ainagul Bektemirova; 1961-ж. 10-мартта т.) - кыргызстандык тарыхчы айым, тарых илимдеринин кандидаты (2009), доцент (2012).

Айнагүл Кашкарбаевна Бектемирова, Нарын мамлекеттик университетинин доценти жана НМУнун Окумуштуулар кеңешинин окумуштуу катчысы. Нарын шаары. 2012-жылдын 19-октябры.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Айнагүл Кашкарбаевна Бектемирова Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы Дөбөлү кыштагында 1961 - жылдын жалган куран (март) айынын 10унда туулган.

Айнагүл Бектемирова Нарын шаарындагы Токтогул атындагы №1 орто мектепте 1968-76-жылдары окуду.

1976 - 78 - жылдары өз айылындагы Дөбөлү орто мектебинде окуп, ийгиликтүү аяктаган.

1978 - 1979 - жылдар – Тянь-Шань районундагы Ленин атындагы орто мектептин улуу пионер вожатыйы.

1979 - 1985 - жылдар – Фрунзе шаарындагы «ФПШО 1 май» фабрикасында тигүүчү.

Айнагүл Бектемирова 1981 - жылы Кыргыз улуттук университетинин (университеттин ал кездеги аталышы - СССРдин 50-жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин) тарых факультетине тапшырган.

1986-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин (тарых жана коом таануу адистиги боюнча) аяктаган.

Айнагүл Бектемирова Нарын облусунун ар кыл орто мектептеринде мугалим жана башка кызматтарда иштеген.

1985 - 1986 - жылдар – Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек шаарындагы) «ФПШО 1 май» фабрикасында комсомол уюмунун сектор башчысы.

1986 - 1990 - жылдар – Нарын шаарындагы Ленин атындагы орто мектебинде тарбиячы.

1990 - 1999 - жылдар – Нарын шаарындагы мектептерде тарых мугалими.

1999 - 2001 - жылдар – Нарын облустук жарандык коргоону штабынын окутуучусу.

2010 - жылдан азыркы мезгилге чейин – НМУнун Окумуштуулар кеңешинин окумуштуу катчысы.

Айнагүл Бектемирова 2001 - жылдан тартып Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде (НМУ) окутуучу болуп иштей баштады.

2001 - 2003 - жылдар – НМУнун юридикалык факультетинин ага лаборанты.

2003 - 2005 - жылдар – НМУнун тарых факультетинин методисти.

2005 - 2009 - жылдар – НМУнун тарых жана философия кафедрасынын окутуучусу жана ага окутуучу.

А.Бектемирова кандидаттык диссертациясын 2009-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институнун жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдында тарых илимдеринин доктору (кандидаты) даражасын алуу үчүн диссертацияларды коргоочу Д 07.09.390 диссертациялык кенешинин жыйынында коргогон.

Анын "Ата мекендик тарых" адистиги боюнча кандидаттык диссертациясынын темасы: "Нарын облусунун социалдык-экономикалык турмушу: (1991-жылдан 2005-жылга чейин)". Илимий жетекчиси - тарых илимдеринин доктору, профессор Өскөн Осмонов.

2009-жылдын 12-ноябрында НМУнун Тил илими факультетинин факультеттер аралык дисциплиналар кафедрасынын кафедра башчысы болуп дайындалган.

2010-жылдын 1-февралда НМУнун Тарых, фиолософия жана мамлекеттик башкаруу кафедрасынын доценттинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

2010-жылдын 1-сентябрында НМУнун Окумуштуулар кеңешинин окумуштуу катчысы болуп дайындалган.

Учурда аталган университеттин тарых факультетинин доценти жана НМУ Окумуштуулар кеңешинин окумуштуу катчысы болуп иштейт.

Илимий-педагогдук чыгармачылыгы жана коомдук ишмердиги түзөтүү

Айнагүл Кашкарбаевна Бектемирова 4 китеп, 50дөн ашуун илимий жана илимий-жамаагаттык макалалар жарыялаган.

Мунун ичинде «Азия өлкөлөрүнүн соңку тарыхы (1918-2010-жж.)» (21,15 б.т.) окуу куралы КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан билим берүү мекемелери үчүн окуу куралы катары уруксат кылынып, басмадан чыккан. (Калемдеши – Максат Эсенгазиевич Жумабаев).

А.К.Бектемированын «Байыркы Грециянын жана Римдин тарыхы» дисциплинасы боюнча иштеп чыккан электрондук окуу-методикалык комплекси «EdNet» жана Билим берүү министрлиги тарабынан 2010-жылы уюштурулган «Инновациялык окуу-методикалык комплекс» сынагынын жеңүүчүсү деп табылган.

Ал Кыргызстандын тарыхы, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн соңку тарыхы, түрк элдеринин тарыхы ж.б. боюнча дарстар окуп келет.

Айнагүл Кашкарбаевна Бектемирова "Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмесинин мүчөсү.

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

  • 2009. - Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы (отличниги).
  • 2010. - «EdNet» ассоциациясы жана Кыргызстандын Билим берүү министрлиги тарабынан уюшулган «Инновациялык окуу-методикалык комплекс» сынагынын жеңүүчүсү

Эмгектеринин кыскача тизмеси түзөтүү

  • Кыргызская этнография. – Бишкек, 2002. (калемдеши – Эсеналиева Гүлжамал Өмүракуновна)
  • Нарын облусунун социалдык-экономикалык турмушу (1991-2005-жж. – Бишкек, 2010.
  • Бектемирова А.К. Хунндар жана кыргыздар [Текст] / А.К. Бектемирова // Образование в XXI веке: традиции, проблемы, перспективы: матер. научно-прак. конф. Нарын, 2007. – 103-110 бб.
  • Бектемирова А.К. Нарын облусундагы жакырчылык жана аны жоюунун аракеттери [Текст] / А.К.Бектемирова // Вестник Кыргызского аграрного ун-та. им. К.С.Скрябина. – 2004. №2.-231-235 бб.
  • Бектемирова А. К. С.Наматов – алгачкы агартуучу [Текст] / А.К.Бектемирова // Известия вузов. – Бишкек, 2010. -№2. - 23-25 бб.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү