"Белавд" (англ. Beloved, сөзмө-сөз Сүйгөн жар) - 1987-жылы жазылган америкалык жазуучу Тони Моррисондун романы. Чыгарма Америкалык жарандык согуштан (1861-1865) кийин орун алып, 1856-жылынын январь айынын аягында Кентуккидеги кулчулуктан качып, Огайо штатында сактанып калган африка-америкалык Маргарет Гарнердин окуясы боюнча түзүлгөн. Романдын башкы каарманы Сэти кулчулуктан Цинциннатиге качкан болот. Эркин жашоодо 28 күн өткөзгөндөн кийин, Сэтини балдары менен качкан жерине кайрадан кайтаруу үчүн артынан атайын полициялык бөлүм келет. Кентуккидеги плантациядан жаңыдан качкан Сэти, ал жерге кайрадан кайтарылуудан көрө, эки жашар кызын өз колу менен өлтүргөн болот. Бир нече жылдардан кийин, Блустоун-роуд, 124, Цинциннати, Огайо дарегинде жайгашкан Сэтинин үйнө бир зайып келип, өзүн Белавд болгонун айтат. Окуя арбактын сүрөттөлүшү менен башталат: "124 номурлу үй коркунуч туудуруучу. Анда ымыркайдын арбагы кожоюндук кылат".

Роман 1987-жылы National Book сыйлыгынын финалисти болуп, 1988-жылы, фантастикалык чыгарма катары, Пулитцер сыйлыгын утуп алат, Роман 1998-жылы, Опра Уинфри тартылган тасмага адаптацияланат. New York Times гезитинин сурамжылоосу боюнча, жазуучулар жана адабият сынчылары романды 1981-2006-жылдар аралыгындагы эң мыкты фантастикалык чыгарма деп табат.

Атлантикалык кул сооданын натыйжасында каза тапкан африкалыктар жана алардын урпактарына шилтемеленген китептин арноо жазуусунда "Алты миллиондон ашыкча" (англ. "Sixty Million and more") деп турат. Китептин эпиграфы "Римдиктерге кат" (англ. Romans, 9:25) китебинен алынган.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү