Белгород - РФтеги шаар. Белгород облусунун админстративдик борбору. Северский Донец дарыясынын боюнда. Калкы 384,425 миң (2015). Темир жол тоому. Курулуш материалдарын (цемент заводу, асбест-цемент, бор-акиташ комбинаттары ж. б.) чыгарат. Машина куруу (анын ичинде энергетикалык машина жана прибор куруу, электр-техника, радиоэлектроника, металл конструкциялары, заводдору ж. б.), металл иштетүү, химия, тамак-аш ж. б. өнөр жайлары, 4 ЖОЖ, 2 театр, крайтаануу, көркөм музейи бар. «Курск салгылашуусу» музей-диорамасы иштейт. 1237-жылдан (археологиялык маалыматтар б-ча 10-к-дан) белгилүү. 17-к-да крым татарларынан коргонуунун борбору болгон.

Герб.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4