Белок алмашуу - организмдеги белоктордун жана алардын ажыроо продуктуларынын (аминокислоталар) айлануусу.

Белок алмашуу - заттардын алмашуусунун олуттуу бөлүгү. Ами-нокисжоталарынын алмашуусу башка азот бирикмелери бар алмашуу менен тыгыз байланышкандыктан, Белок алмашуу көбүнчө азот алмашуунун жалпы түшүнүгүнө кошулат. Автотрофтук организмдерде - өсүмдүктөрдө (козу карындардан башка) жана хемосинтездөөчү бактерияларда Белок алмашуу органикалык эмес азотту сиңирип, аминокислоталарын жана амиддерди институт издөөдөн башталат. Адам менен жаныбарлардын организминде аминокислоталардын айрым бөлүгү гана жөнөкөй органикалык бирикмелердөн синтезделип, башка бөлүгү тамактан алынат. Тамак-аш продуктуларындагы белоктор ичеги-карындагы ферменттердин" таасири менен аминокислоталарга ажырап, канга сиңип, орган жана ткандарга жеткирилет да, организмде белок түзүүчү эркин аминокислоталар фондусун түзөт. Эркин аминокислоталардын ар түрдүү ички процесстерге, негизинен биологиялык жол менен органга ылайыктуу белокторду, ферменттерди синтездөөгө ж. б. катышат. Ашык аминокислоталар ферменттердин таасири менен ажырайт. Аминокислоталар-дын реакциясы кычкылданып деза-минденүү менен башталып, андан ары аминокислоталардын молекулалары-нын азотсуз калдыктары СОг, НгО жана NH3 түрүндөгү азотко чейин бөлүнөт. Жаныбарларда аммиактан мочевина синтезделип жана аммоний туздары түрүндө бөлүнүп чыгуу жолу менен зыянсыздалат. Өсүмдүктөрдөгү органикалык эмес аммоний азоту, аминокислоталардын, амиддердин жана белоктордун кайрадан синтезделипшне катышат.

Белок алмашуу жаныбарлардын жана адамдын организминде нерв системасы жана гормондордун катышуусу менен жөнгө салынып турат. Белок алмашуунун медицина жана айыл чарбасы үчүн практикалык мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.