Бельканто (итал. bel -сонун, canto - ырдоо) - ырчылардагы аткаруу-чулук чеберчиликтин ашкан бийик стили.

Бельканто кубултуп аткаруусу, көркөмдүүлүгү, ашкере уккулуктуулугу, обондун апамдын кооздугу менен айырмаланат. Ал 17-кылымдын ортосунда Италияда улуттук опера өнөрүнүн жана ырчылар мектебинин өнүгүшүнөн келип чыккан. Бельканто улам жаңы эмоциялык белгилер, вокалдык кооз бойоктор менен байып, башка улуттардын ырчылык өнөрүнө таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.