Беляндра Василий Яковлевич

Беляндра Василий Яковлевич (1914-ж. т. ) - Советтик Союздун Баатыры (30. 9. 1943). 1944-жылдан КПССтин мүчөсү. Советтик Армияга чакырылганча (1941) Кыргызстандын Кемин районундагы Ильич атындагы совхоздо комбайнер болуп иштеген.

1943-ж. 23-гвард. моторлошкон аткычтар бригадасындагы ав-томатчиктер взводунун командирлигине дайындалган. Киевди бошотуу үчүн 1-Украина фронтунун аскерлеринин салгылашында Б. өзүнүн взводу менен Днепрден биринчилерден болуп өтүп (1943-ж. 23-сент. ), Трактомировка кыштагын ээлейт. Эки сутканын ичинде Беляндранын взводу душмандын 7 контр чабуулунун мизин кайтарган. Беляндра өз каармандыгы менен жоокерлерди шыктандырыл турган. Бул салгылашуудагы эрдиги үчүн Беляндра Советтик Союздун Баатыры наамына арзыган. 1945-ж. Берлинди алууга жана Праганы бошотууга катышкан. 1945-ж. 24-июнда Москвада өткөн Жеңиш парадына катышат. Азыр Кыргызстандын Кемин районундагы Бурулдай кыштагында турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.