Бел Александер Грейам (03.03.1847, Шотландия, Эдинбург 02.08.1922, Канада, Баддек) телефонду ойлоп табуучу (1876). Адам үнүн зым аркылуу аралыкка алгачкы болуп берген. Эдинбург жана Лондон университеттерин бүтүргөн. 1871-жылдан АКШда жашаган. Ал дүлөйлөр менен иштеп, абанын термелиши кантип үнгө айланарын изилдеген. 1873-жылдан Бостон университетинде (АКШ) проф. 1876-77-жылдарда Бел микрофон жана үн угузгучту (наушник) бир тулкуга орнотуп, телефон аппаратын конструкциялап, 1876-ж. алгачкы телефонго патент алган. Телефон менен биринчи жолу Нью-Йорктон Чикагого чалып сүйлөшкөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4