Бенгалдар - Бангладеш менен Индиядагы улут.

Жалпы саны 275 миллиондон ашык (2023), анын 160 миллионго жакыны Бангладеш Эл Республикасынын негизги калкы, 110 миллионго жакыны Индияда жашайт. Калгандары араб жана башка өлкөлөрдө жашайт.

Бенгал тилинде сүйлөйт. Индиядагы бенгалдардын көбү -индуист, анча-мынчасы гана мусулман, христиан, джайнизм дининде. Бангладештегилер дээрлик мусулман.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.