Бенжамен Блумдун таксономиясы

Бенжамен Блумдун таксономиясы - (грек. taxis – иретке келтирүү + nomos мыйзам) – таанып-билүү ишмердигинин максатын талдап, жиктөөгө жана аны так ырааттуулукка келтирүүгө арналган система.

Мен уктум жана унуттум.
Мен көрдүм жана эске туттум.
Мен жасадым жана түшүндүм.

Куңзы

Муну түзүүнүн зарылдыгы Америкада пайда болгон. Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин колледжде сынак алуу боюнча комитетке кирген педагогдор менен психологдордун жоон тобу Бенжамен Блумдун жетекчилиги менен педагогикалык максатты так аныктоонун жана аны ырааттуулукка келтирүүнүн жалпы жол-жобосун, эреже-талаптарын иштеп чыгуу максатында көп жылдык илимий-изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада 1956-ж. таанып-билүүчүлүк (когнитивдик) ишмердиктин максатын так баяндап, чечмелеген “таксономия” жарыкка чыккан.

Топ окутуп-үйрөтүүнүн максаты катары каралуучу 6 негизги түшүнүктү (категорияны) аныктап чыккан:

  1. Билүү;
  2. Түшүнүү;
  3. Колдонуу;
  4. Талдоо (анализ);
  5. Топтоо (синтез);
  6. Баалоо.

Буларды төмөндөгүдөй мүнөз-дөөгө болот.

Окутуу максаттарынын деңгээлдери Түшундурмөсү Окуучуга таасири
1. Билүү Ал конкреттүү факттардан тартып, бүтүндөй теориялардын мазмунун өз ичине камтышы мүмкүн. Бул түшүнүктүн негизги белгиси – тийиштүү маалыматтарды эске түшүрүү менен байланыштуу.

Мында окуучу колдонулган терминдерди, конкреттүү фактыларды, усул-ыкмаларды, негизги түшүнүктөрдү, эрежелерди жана принциптерди билет.

2. Түшүнүү Мында окуп-үйрөнүлгөн материалды бир түрдө туюнтуудан башкача түрдө туюнтууга көчүрө билүү (трансляция), аны «бир тилден» башка тилге (Мисалы: сөз менен туюнтулган маалыматты математикалык жол менен туюнтууга) которо билүү ал материалдын маанисин түшүнүүгө болгон жөндөмдүүлүктүн көрсөткүчү болуп эсептелет. Окуучунун материалды чечмелей билүүсү – интерпретациялоосу – (түшүндүрүү, кыскача баяндоо) же окуянын андан аркы уланышын боолголой билүүсү (анын кийинки майнабын, түпкү натыйжасын баамдай билүү) түшүнүүнүн көрсөткүчү катары кызмат кылат. Мындай окуунун натыйжасы материалды жөнөкөй гана эске тутуп калуудан алдаганча артыкчылык кылат.

Мында окуучу факттарды, эрежелерди жана принциптерди түшүнөт, сөз жүзүндө берилген маалыматты, схемаларды, графиктерди, диаграммаларды чечмелей билет, айтылган маалыматтын төркүнүн баамдай алат.

3. Колдонуу Бул түшүнүк окуп-үйрөнүлгөн материалды конкреттүү шартта жана жаңы кырдаалдарда колдоно билүүнү билдирет. Ага эрежелерди, методдорду, түшүнүктөрдү, мыйзамдарды, принциптерди, теорияларды колдоно билүү кирет. Окутуп-үйрөтүүдө тийиштүү натыйжаларга жетишүү түшүнүүгө караганда материалды кыйла бийик деңгээлде билүүнү талап кылат.

Мында окуучу түшүнүктөрдү жана принциптерди жаңы кырдаалдарда пайдалана алат, мыйзамдарды, теорияларды конкреттүү практикалык жагдайда колдоно билет, ар түрдүү усул-ыкмаларды, эреже-жоболорду иш жүзүндө туура колдонот.

4. Талдоо (анализ) Бул түшүнүк материалды анын структурасы так, ачык-айкын көрүнүп тургандай бөлүктөргө ажыратып бөлө билүү жөндөмүн билдирет. Буга бүтүндүн бөлүктөрүн ажырымдай билүү, алардын ортосундагы өз ара байланышты таба билүү, бүтүндү жаратуунун принциптерин аңдап-түшүнө билүү кирет. Мында окуп-үйрөнүүнүн натыйжасы түшүнүүгө жана колдонууга караганда өзүнүн кыйла бийик интеллектуалдык деңгээли менен мүнөздөлөт. Себеби, мында окуу материалынын мазмунун да, анын ички түзүлүшүн да аңдап-түшүнө билүү талап кылынат.

Окуучу мында купуя (ачык туюнтулбаган), боолголонгон ойлорду ажырата билип, ой жүгүртүүнүн логикасындагы каталыктарды жана калпыстыктарды көрө билет; факттар менен натыйжалардын ортосундагы айырмачылыктарды көрүп, маалыматтардын олуттуулугун баалай алат.

5. Топтоо (синтез) Бул түшүнүктүн төркүнү жаңычыл мүнөзгө ээ бүтүн-дүктү алуу элементтерди (бөлүкчө-лөрдү) ич ара айкалыштырып, чогулта билүүнү билдирет. Чыгып сүйлөө (билдирүү же доклад жасоо), иш-аракеттин планы же жалпыланган байланыштардын жыйындысы (белгилүү болгон маалыматтарды иретке келтирүү максатында түзүлгөн схемалар) ушундай жаңы продукт болушу мүмкүн. Окутуп-үйрөтүүдө тийиштүү натыйжаларга жетишүү үчүн жаңы схемаларды жана структураларды түзүүгө басым жасаган чыг-лык мүнөздөгү иш-аракет талап кылынат.

Окуучу мында чакан чыгармачыл дилбаян жазат, эксперимент жүргүзүүнүн планын сунуш кылат, тигил же бул проблеманы чечүүнүн планын түзүү үчүн ар кандай тармактагы билимдерди пайдаланат.

6. Баалоо Бул түшүнүк конкреттүү максатта тигил же бул материалдын (ырастоонун, көркөм чыгарманын, изилдөөнүн маалыматтарынын) маанисин баалай билүү жөндөмүн билдирет. Ой жүгүртүү мында так чен-бааларга (критерийлерге) негиздениши керек. Чен-баалар ички да (структуралык, логикалык), тышкы да (белгиленген максатка шайкеш) болушу мүмкүн. Чен-бааларды окуучу өзү аныкташы же алар ага тыштан (мис., мугалим тарабынан) берилиши мүмкүн. Бул түшүнүк жогоруда айтылган түшүнүктөрдүн бардыгы боюнча окуу ишмердигинде олуттуу натыйжаларга жетүүнү жана ага кошумча ачык-айкын чен-бааларга таянган баалоочу ой жүгүртүүнүн болушун талап кылат.

Окуучу мында материалдын түзүлүшүнүн логикасын жазуу жүзүндөгү текст түзүү аркылуу баалайт, чыгарылган тыянактардын айтылган ойлорго ылайык келишине, иш-аракеттин тигил же бул продуктунун маанисине сапаттуулуктун тышкы чен-бааларына таянуу менен баа берет.

Бенжамен Блумдун таксономиясы эл аралык кеңири таанылууга ээ болгон. Ал окутуп-үйрөтүүнү пландоодо жана анын натыйжаларын баалоодо кеңири колдонулат, о. эле ал жаңы курстарды тажрыйба-сынактан өткөрүп текшерүүдө да ийкемдүү каражаттардын бири катары кызмат кылат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,