Беннигсен, Александр Адамович

Беннигсен, Александр Адамович (Alexandre Bennigsen, 1913 - 1988) — франциялык теги орус окумуштуу, чыгыш таануучу, мусулман коомун изилдөөчү, совет таануу адиси.

Бала чагында ата-энеси Советтик Орусиядан Эстонияга, андан соң Францияга көчүп кеткен. Чыгыш тилдеринин жогорку мектебин бүтүргөн. 1939-40-жылдары Франциянын армиясында кызмат өтөп, кийинчерээк Каршылык көрсөтүү кыймылына катышкан. Жогорку иликтөө мектебинин (École pratique des hautes études) профессору болгон. 1940-жылдардын акырында ал кыргыз журналисти жана публицисти Азамат Алтайдын Батыш илимий чөйрөсүнө таанылышына зор салым кошкон. Советолог окумуштуу Александр Адамович Беннигсендин кызы, көрүнүктүү саясат таануучу, журналист, Кавказ жана Борбордук Азия боюнча адис Мэри Беннигсен Броксуп (Marie Bennigsen Broxup) айым өз атасы Александр Беннигсен Азамат Алтайды өтө урматтаганын, алар Францияда турганда үй-бүлөлүк деңгээлде да тыгыз карым-катнаш жүргүзгөнүн эскерген. Азамат Алтай Беннигсен мырзага Борбордук Азиянын түрк калктарынын тилдериндеги мезгилдүү басылмалардын материалдарын илимий максатта жалпылоо үчүн кыргыз, казак, өзбек тилдеринен которуп берип турган.

Беннигсен мырза Ислам дүйнөсүнүн арабдардан тышкаркы бөлүгүнүн, СССРдин курамындагы мусулман элдеринин тарыхы боюнча ири адис болгон.

Анын чыгармаларынын бири досу Эндерс Вимбуш менен биргеликте жазылган:

Bennigsen, Alexandre, and S. Enders Wimbush. Muslims of the Soviet Empire: A Guide. - Bloomington: Indiana University Press, 1986.

(TchT)

Эмгектери түзөтүү

  • The Evolution of the Muslim Nationalities in the USSR and their Linguistic Problems, London, 1961.
  • Islam in the Soviet Union, London, New York, 1967.
  • Muslim National Communism in the Soviet Union: a revolutionary strategy for the colonial world, Chicago, 1970, (coauthored with S. Enders Wimbush).
  • Mystics and Commissars, Sufism in the Soviet Union, London & Berkeley, 1985 (coauthored with S. Enders Wimbush)
  • Muslims of the Soviet Empire. A Guide, London & Bloomington, Ind., 1986, (coedited with S. Enders Wimbush).
  • The Islamic Threat to the Soviet State, London, 1983. (With Marie Broxup).

Айрым булактар: түзөтүү