Бердах (лакап аты; чын аты-жөнү - Бердимурат Каргабай уулу; 1827-1900) -каракалпак акыны. Кедейдин үй-бөлөсүндө туулган.

Бердах - лирикалык, сатиралык, дидактикалык ырлардын, "Санжыра", "Айдос бий", "Амангелди", "Ерназар бий" аттуу тарыхый поэмалардын автору. Зулум хандын эзүүсүнө каршы эл күрөшүн чагылдырган "Акмак падыша" аттуу поэмасы Октябрь революциясына чейинки каракалпак адабиятынын бийик үлгүлөрүнөн. Бердахтын поэзиясы үстөмдүк кылган тапка карата элдердин нааразылыгын, Хива хандыгынын эзүүсүнөн жапа чеккен карапайым букаранын кайгы-муңун ачык көрсөтөт. Октябрь революциясына чейин Бердахтын чыгармалары эл арасында оозеки түрүндө таралган. Араб жазуусу менен жазылган айрым ырлары сакталган. Бердахтын чыгармаларын жыйноо, изилдөө, бастыруу 30-жылдардын 2-жарымынан баштап колго алынды.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.