Алимбаев Берик Каримович - (1936, Фрунзе шаары) - бийчи, педагог, балетмейстер, КРнын эл артисти (1992). 1947-56-ж. Ленинграддагы А. Я. Ваганова атындагы окуу жайында окуган. 1956-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында бийчи, 1972-жылдан балетмейстеррепетитор. 25 жыл ичинде дүйнөлүк, советтик композиторлордун балеттеринен башкы партияларды аткарган. Айрыкча «Бахчисарай фонтанынан» Вацлавдын, «Уйкудагы сулуудан» Дезиренин, «Дон Кихоттон» Базилиянын, «Баядеркадан» жоокер Солордун, «Куйручуктан» Куйручуктун, «Аселден» Ильястын, «Саманчы жолунан» Касымдын ж. б. ролдорун чебер аткарган. Кыргыз балет өнөрүнүн жүзүн «Москва жылдыздары», «Орус кышы», «Ак түндөр» аттуу фестивалдарда, КМШ өлкөлөрүнүн чоң шаарларында, Канаданын, Сириянын, Чехословакиянын, Монголиянын сахналарында көрсөткөн. Санкт-Петербургдагы Мария театрынын бийчилери менен «Жизель» балетиндеги Альберттин партиясын аткарган. 1958жылдан Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкөев атындагы музундугухореогр. окуу жайында педагог жана көркөм жетекчи. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү