Бериллий оксиди, ВеО - ак кристаллдык күкүм. Гексагоналдык кристаллдык торчого ээ; а=2,69 А, с=4,37 А, тыгызд. 3,025 г/см3, 2530оС эрип, 4120оС кайнайт. Пайда болуу жылуулугу DН0298 =598, 3 кДж/моль. Сууда эрибейт, к-талар жана щелочтор менен туздарды пайда кылат. Суутек агымында ысытканда калыбына келбейт. Б.о. бериллий гидроксидин же туздарын ажыратуудан алынат. Ал отко чыдамдуу тигелдер, карапаларды даярдоо үчүн, ядролук реакторлордо, орг. синтезде катализатор катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү