Берма

1) топурак плотинанын, темир жолго төгүлүүчү шагылдын, канал-дын жантаймасындагы тектирче.

Ал жантайманын бекем болушу жана аны жамгыр, кар суулары жууп кетпесин үчүн жасалат. Карьерлерде туурасы 8-15 м болгон трансп. Берма жана карьердин капталдарынын урашын сактай турган коргогуч Берма (З-5 м) курулат.

2) Окоп казганда сыртка ыргытылган топурак кайра ичине түшпөсүн үчүн окоп менен топурактын ортосунда калтырылуучу тилкече (туурасы 10 см).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.