Бермуд аралдарыАтлантика океанындагы коралл аралдарынын (300гө жакын) тобу.

Түндүк Америка материгинен 900 км чыгыш тарапта. Улуу Британиянын колониясы. Аянты 53, 3 км2. Калкы 52 миң (1970), бермуддар.

Административдик борбору - Гамильтон. Климаты тропиктик, нымдуу. Эң суук мезгилинин (март) орточо температурасы 16, 7°С, эң жылуу учурда (август) 26, 7°С, жылдык жаан-чачыны 1350 мм ге чейин. Балык уулоо, туризм өнүккөн. Курорттор бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.