Бернард Хилл англ. Bernard Hill;(1944-жылдын 17-декабрында туулган) - англиялык режиссер, кино, театр жана телеактеру. Ал 1980-жылдары тартылган "Блэкстафтык балдар"(англ. Boys from the Blackstuff) аттуу Алан Блисдейлдин телевизиондук сериалында тагдыры талкаланган Йоссер Хүздүн ролу менен белгилүү болгон. Ошондой эле ага Хилари Мантелдин "Карышкыр сарайы"(англ. Wolf Hall) аттуу чыгармасынын негизинде Би-би-си тарткан тасмада Норфолк герцогунун ролу атак алып келген. Ал "Титаник" (англ. Titanic) тасмасында Капитан Эдвард Смиттин, "Шакектер ээси" (англ. The Lord of Rings) үчилтигинде падыша Теодендун, Клинт Иствуддун "Чыныгы Кылмыш" (англ. True Crime) блокбастеринде Сан-Квентин түрмөсүнүн кароолчусу Луфер Планкиттин ролдорун ойногон.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү