Берцелиус Йене Якоб (20. 8. 1779- 7. 8. 1848) - швед химиги жана минералогу. Стокгольм университетинин, медицина -хирургиялык институттун профессор Стокгольм ИАнын мүчөсү (1808), 1810-жылдан президенти.

Петербург ИАнын ардактуу мүчөсү (1820). Берцелиус элементтердин атомдук массасынын таблицасын түзүп, грекче же латынча аттарынын башкы тамгалары менен белгилөөнү сунуш кылган; 2000ге жакын бирикменин %дык составын изилдеп чыккан. 1810-16-ж. эселик катыш законун ачып, органикалык бирикмелердин составы ал законго баш ийерин далилдеген. 1815-ж. кээ бир органикалык кислоталардын биринчи формуласын жазган. Составы бирдей, касиеттери түрдүү органикалык бирикмелерди изомер деп атаган.

Гизингер менен бирге түрдүү минералдарды, кендерди изилдеп, церий, селен, торийди ачкан. 1824-25-ж. 1-жо-лу эркин абалда кремний, титан, тантал жана цирконийди алган. Атом жөнүндөгү окууну негиздеп, өнүктүрүүдө Берцелиустун эмгеги зор. Берцелиус 19-кылымдын 1-жары-мында химия илиминин өнүгүшүндө чоң роль ойногон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.