Бессемер процесси -эриген чоюнду атмосфера же кычкылтекке байытылган жогорку басымдагы аба менен үйлөтүп, составындагы көмүртекти азайтуу менен болот алуу жолу.

Баштапкы материалы - эритилген чоюн; өндүрүлүүчү материалы - болот куймасы; колдонулуучу аппараты - конвертер меши. Эриген чоюнду конвертерге куюп, анай түбүнөн кысылган аба менен үйлөткөндө, чоюндун кошундулары (кремний, марганец, көмүртек) кычкылданып, бир кыйла жылуулук бөлүнүп чыгат да, калыпка куюла турган болот алынат. Болоттун куй-маларын өндүрүүгө арналган бул процесси 1856-ж. англ. ойлоп чыгаруучу Генри Бессемер (1813-98) сунуш кылган.

Россияда бессемер болоту 1-жолу 1856-57-ж. Уралдагы Кушвинск, Нижнеисетск, Сысерт, Всеволод-Вильвинск заводдорунда алынган. Составында кремнийи аз болгон суюк чоюндан болот куймаларын алуунун жолдорун орус металлургда-ры Д. К. Чернов (Обухов заводу) жана К. П. Поленов Нижнесалдинск заводу) 1872-ж. сунуш кылып, ал өндүрүштө колдонула баштаган. Бессемер процессинин нормалдуу өтүшү конвертергө куюлган суюк чоюндун температурасына, анын составындагы кошундулардын өлчөмүнө жараша болот.

Конвертергө куюлган суюк чоюндун температурасына карата физикалык муздак (1250°Сден төмөн), физикалык нормалдуу (1250°С-1350°С) жана физикалык ысык (1350°Сден жогору) чоюн болуп бөлүнөт. Составындагы, -кремнийдин өлчөмүнө жараша бессемер-дик чоюн хим. муздак (1, 0% Si га чейин), хим. нормалдуу (1, 0%-1, 5% Si) жана хим. ысык чоюн (1, 5% Si дан көп) болуп айырмаланат. Бессемер процесси учурунда кремний кычкылданып (ЭЮг), температуралык реакцияны ылдамдатуу үчүн кошумча жылуулукту көп бөлүп чыгарат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.