Бетон (фр. béton, {{lang-la|Bitumenøø- тоо чайыры), куйма таш батташтыргычтар (суулуу же суусуз), толтургучтар, кээде атайын кошулмалардын тыгыздалган аралашмаларынан катырып алынуучу жасалма таш материал; негизги курулуш материалынын бири. Калыптоого чейин аталган аралашма бетон аралашмасы деп аталат. Ал батташтыргычына жараша органикалык эмес батташтыргычтан (цемент-, гипс-, силикат-, ысыкка чыдамдуу бетон ж. б. атайын даярдалган бетон) жана органикалык батташтыргычтан (асфальт-, пласт-бетон) даярдалган бетон болуп бөлүнөт. Цемент-бетон орточо тыгыздыгы (көлөмдүк кг/м3) боюнча өтө оор (2500дөн жогору), оор (800дөн 2500гө чейин), жеңил (500дөн 1800гө чейин), керамзит-бетон, шлакбетон ж. б.), өтө жеңил (500дөн аз) болуп айырмаланат. Маанилүү касиети анын бекемдиги, ал өз кезегинде батташтыргыч заттын түрүнө жана сапатына, бетондун орточо тыгыздыгына көз каранды. Бекемдиги анын маркасы менен мүнөздөлөт (кысууга, чоюлууга жана ийилүүгө бекемдик чеги). Көпчүлүк бетондун чоюлууга туруктуулугу анын кысууга болгон бекемдигинен 510 эсеге аз болот.

Бетон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү