Бетон конструкциялары жана курама бөлүктөр

Бетон конструкциялары жана курама бөлүктөр имараттын жана курулманын арматурасыз же аз арматуралуу (констр.) бетондон даярдалган бөлүгү. Алар начар чоюлгандыктан, жалаң кысуу күчү таасир этүүчү жерге пайдаланылат. Имараттын пайдубалы, дубалы жана блоктору, гидротехникалык курулмалардын бөлүктөрү, мунара, чүмбөт жана көпүрө тирөөчтөрү, жолго жана жанжолчого (тротуарга) төшөлүүчү такталар (плиталар) ж. б. катары кеңири колдонулат. Алардын заводдо даярдалган курама бөлүктөрү натыйжалуу болуп эсептелет. Ал эми өтө көлөмдүү курулмалардын констр-лары (мисалы, плотина, ири пайдубал, көтөрмөлөр, тирөөч дубал ж. б.) монолит бетондон даярдалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү