Бетон төшөгүч бетон жана темир-бетон иштеринде бетон аралашмасын бөлүштүрүп, кабыл алуучу машина. Ал адатта курулуштун негизин түптөөчү, келбетин чыгаруучу, төшөлүүчү бетонду бөлүштүрүүчү ж. б. жол-курулуш машинасы менен бирге иштейт. Ал ошол жерде чогултула турган темир-бетон буюмдарын даярдоочу, жолго жана аэродром менен өнөр жай имаратынын таманына жана башкаларга бетон аралашмасын жаюучу, бөлүштүрүүчү, тыгыздоочу жана үстүн, жээктерин жасалгалоочу өзү жүрмө жолкурулуш машинасы болуп бөлүнөт. Бетон төшөгүч менен салынган тилкенин жазылыгы 3,5 7 м, өндүрүмдүүлүгү 40 50 м3/с болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү