Бехистун жазмасы - Байыркы Иран падышасы Дарий Інин (б. з. ч. 522-486-ж. бийлеген) буйругу менен б. з. ч. 516-ж. Түндүк-Батыш Ирандын Керманшах Хамадан жолунун боюндагы Накш-и Рустем капчыгайындагы Бехистун аскасында чегилген жазуулар. Дүйнөдөгү эң көлөмдүү аска летописи. Анда б. з. ч. 522519-ж. Ахемениддер мамлекетиндеги окуялар баяндалат. Ал эки бөлүктөн турат: жогору жагында көтөрүлүшкө чыккан душмандарын чөгөлөтүп турган Дарийдин сүрөтү, анын айланасында жана төмөн жагында клинопись (шынаа сымал) жазмасындагы байыркы перс, элам жана вавилон тилдеринде чегилген 14 саптан турган жазуулар бар. Жазмада Дарий Інин Орто Азияга жасаган жортуулу жана ал басып алган элдер, Орто Азия жана Теңир-Тоо аймагын байырлашкан көчмөн уруулар тууралуу кабарлар берилет. Жазмада сактардын үч түрү эскерилген. Алар «сакатйайий-парадрайа» «деңиздин (дарыянын) өйүзүндөгү сактар», «сака-хаумаварга» «хаумду кадырлоочу сактар» (б. а. чекенде өсүмдүгүяүн ширесин диний жөрөлгөдө пайдалануучу сактар), «сака-тиграхауда» «чуштугуй калпакчан сактар» деп бөлүнгөн. Дарийдин Бехистун аскасындагы жазуусунун бешинчи сабында ал кантип тиграхауда сактарын багындырып, жолбашчысы Скунханы туткунга алганы жазылган. 1837-ж. англис офицери Генри Роулинсон 50 м бийиктиктен Бехистун жазмасынын көчүрмөсүн алган. Аны чечмелөөдө бир топ мезгилге чейин окумуштуулардын арасында талаш-тартыштар болуп келген. 1857-ж. гана Лондондо англис окумуштуулары Г. Роулинсон жана У. Тальбот, немец франц. окумуштуусу Ж. Опперт жана ирландиялык Э. Хинксттин ар бири өз алдынча окуп чыгып, чечмелөөдө анын бир маанини билдириши менен талаш-тартыштар токтогон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү