Бешкөл мөңгүсүТалас Ала-Тоосунун түндүк капталындагы чуңкурчак тибиндеги мөңгү. Узундугу 2,5 км, аянты 3,6 км2. Талас дарыянын сол куймасы Үрмаралдын алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4100 м, этеги 3370 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3680 м. Абляция облусунун аянты 1,8 км2. Мөңгүнүн бетинин 14%тейин мореналар жаап жатат. Андан Бешкөл өзөнү башталып, Үрмаралдын оң курамы Табылгытыга оң жактан куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү