Бешташ көлү Талас Ала-Тоосунун түндүк капталындагы Бешташ капчыгайында деңиз деңгээлинен 3008м бийиктикте жайгашкан көл. Аянты 0,54 км., орточо тереңдиги 13м, эң терең жери 28м. Узундугу 1200м, туурасы эң жазы жеринде 600-700м. Суунун көлөмү 6,6млн м. Жер көчкүдөн кийин өрөөндүн бөгөлүп калышынан пайда болгон. Суусу тунунк, мөң гү жана булак сууларынан толукталат. Июнь, июль айларында деңгээли 1-2 миң ге чейин көтөрүлүп сентябрь- майда кайра бөксөрөт. Октябрда тоң уп, апрельде ачылат. Балык (жилингир, алабуга, севан жилингири ) бар. Көлдөн Бешташ суусу агып чыгат. Көлүн тегереги, айрыкча андан төмөнүрөөк, Бешташ суусунун сол жээгинде жайгашкан 2 чакан көлдүн ландшафты өтө кооз. Рекреациялык мааниси зор.

Колдонулган адабият түзөтүү

...