Беш-Күңгөй кум-шагыл кени

Беш-Күңгөй кум-шагыл кени Кыргызстандын Аламүдүн районунда, Бишкек шаарынан 15 км түштүк тарапта, деңиз деңгээлинен 1181–1485 м бийиктиктеги кумшагыл кени. 1987-жылы Түндүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындаган. Кен аймагы жогорку плиоцен-төмөнкү төртүнчүлүк жана антропоген мезгилинде пайда болгон борпоң чөгүндү катмарлардан түзүлгөн. Кум-шагыл калың катмарынын туурасы 250–1200 м болуп, түндүк-чыгыш тарапка 1800 мге созулуп жатат. Кум-шагыл кошулмасынын калыңдыгы 2 мден 174 мге чейин өзгөрөт. Кум-шагылдын 20–500 ммге чейинкиси 19%, 0–5 мм – 26%. Кум-шагыл курулуш ишине, жол курулушуна жана бетонго кошууга жарамдуу. Запасы В категориясы боюнча - 43025 миң м3, С1–65751 миң м3, В+ С1–108776 миң м3.

Булактар түзөтүү